9:40 9 января 2020

Жалал-абаддык окутуучунун 2 илимий макаласы америкалык журналга жарыяланды

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университеинин педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасынын окутуучусу Динара Канетованын 2 илимий макаласы америкадагы AIP журналынын 2019-жылдын декабрь айындагы санында жарык көрдү. Бул тууралуу аталган кафедранын башчысы Сапарбек Ажыкулов маалымдады.

Анын айтымында, «On some completeness properties of uniform spaces», «Some remainders properties of uniformspaces and uniformly continuous mappings» аталыштагы 2 илимий макаласы жарыяланган. AIP - Web of Science жана Scopus базаларына кирген рецензиялануучу илимий журнал.

Ошондой эле Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Жаш окумуштуулар кеңеши тарабынан Илим күнүнө карата жарыяланган сынакка катышып, Web of Science, SCOPUS, РИНЦте аталган «Эң мыкты макала» сертификатына ээ болду. Кыргызстан боюнча 30дан ашуун илимий макала катышып, анын ичинен 3 макала аталган сыйлыкка ээ болду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

ЖАМунун Конфуций институтунун жамааты Көк-Жаңгактагы мектептерге технкиалык жардам көрсөттү

ЖАМУнун Медициналык колледжинин студенттери 3 тигүүчү машинаны мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга тапшырышты

ЖАМУнун окутуучулары Кытайда билимин жогорулатып келишти

ЖАМУнун окутуучулары «Ден соолук - 2020» спартакиадасында күч сынашты

ЖАМУнун жамааты Дүйнө чемпиону болгон студент Элдияр Сексенбаевди тосуп алды

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up