Ош технологиялык университетинин студенттери Нурумбетова Элзат, Дженыш кызы Алтынай президенттик «Үмүт» стипендиясынын ээси болушту.
Жыл сайын президент тарабынан мамлекеттеги жогорку окуу жайлардын мыкты студенттерине 50 миң сом өлчөмүндө бир жолу стипендия берилет. Бул стипендиянын ээси болгон студенттер окууда жана окуу жайдын коомдук иштеринде мыкты ийгиликтерди жаратып, мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон.