12:30 18 января 2020

ОшТУда мамлекеттик органдардагы каржылоо жана финансылык отчеттуулук боюнча 3 күндүк семинар өттү

2020-жылдын 14-16-январь күндөрү ОшТУнун экономика жана башкаруу факультетинде «Мамлекеттик органдардагы каржылоо жана финансылык отчеттуулук» аттуу 3 күндүк семинар болуп өттү.

Семинарды экономика илимдеринин доктору, профессор, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин инженердик-экономикалык факультетинин деканы Азисбек Бексултанов өттү. Иш-чарага ОшТУнун экономика жана башкаруу факультетинин, Гуманитардык-технологиялык колледжинин, ОшМУнун, ЖАМУнун экономика багыты боюнча кафедраларынын окутуучулары катышты.

Семинарда бүгүнкү кездеги бюджеттик чөйрөдөгү каржылоо маселелери жана эсепти жүргүзүүдөгү өзгөрүүлөр, отчеттуулукту түзүү тартиби жөнүндө кеңири маалымат берилип, практикалык мисалдар жана кызыктуу оюндар менен коштолду. Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар берилди.

Семинардын алкагында чакырылган тренер ОшТУнун окутуучулары менен жолугушуу өткөрүп, илимий жаатта изилдөөчүлөргө көмөктөшө турганын, ошондой эле экономика багытында окуу-методикалык, илимий жана мобилдүүлүк боюнча кызматташууну күчөтүү тууралуу сунуштарын айтты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть