11:56 23 января 2020

ЖАМУнун окутуучулары Кытайда билимин жогорулатып келишти

ЖАМУнун окутуучулары 2020-жылдын 5-14-январында Кытайдын Үрүмчү шаарында жайгашкан Синьцзянь мамлекеттик университетине жана Сиань шаарындагы Түндүк-Чыгыш университетине атайын иш сапар менен барып келишти.

Окутуучулар программанын алкагында аталган университеттердин илимий лабораторияларында, окутуу борборлорунда тажрыйба алмашып, кызыктуу лекцияларды угуп, билимдерин жогорулатышты. Ошондой эле атайын сертификаттарга ээ болушту жана Үрүмчү, Сиань шаарларынын кооз жерлеринде болушуп, тарыхы менен таанышты.

Программанын катышуучулары бул иш сапар билим жаатында Кытайдын жогорку окуу жайларындагы алдыңкы тажрыйбалар менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп, жаңы идеялардын пайда болуусуна түрткү бергендигин жана ал идеяларды ишке ашырууну максат кылып келишкенин баса белгилешти.

Иш сапар Жалал-Абад мамлекеттик университети менен Синьцзянь мамлекеттик университеттеринин ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык ишке ашты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

ЖАМунун Конфуций институтунун жамааты Көк-Жаңгактагы мектептерге технкиалык жардам көрсөттү

ЖАМУнун Медициналык колледжинин студенттери 3 тигүүчү машинаны мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга тапшырышты

ЖАМУнун окутуучулары «Ден соолук - 2020» спартакиадасында күч сынашты

Жалал-абаддык окутуучунун 2 илимий макаласы америкалык журналга жарыяланды

ЖАМУнун жамааты Дүйнө чемпиону болгон студент Элдияр Сексенбаевди тосуп алды

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up