12:22 23 января 2020

ОГПИнин окутуучулары Москвада өз билимдерин жогорулатат

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун 18 окутуучусунан турган профессордук-окутуучулук курам Россия жергесиндеги эл аралык университеттерде өз билимдерин жогорулатышууда. Бул тууралуу ОГПИнин сырткы байланыштар жана инвестиция тартуу департаменти маалымдады.

Маалыматка ылайык, аталган иш сапарга ОГПИнин эл аралык байланыштар боюнча тиешелүү келишимдеринин негизинде окуу жайдын информатика жана жаны маалыматтар технологиясы, орус тилим жана адабияты, англис тили жана аны окутуунун усулу кафедраларынын окутуучулары жана ОГПИнин окуу бөлүмүнүн адистери жөнөтүлгөн.

Квалификацияны жогорулатуу максатында барышкан профессордук-окутуучулук курам Москвадагы А.С.Пушкин атындагы Мамлекеттик орус тил институтунда жана Орус элдеринин достугу университетинде 2 жумалык атайын курстан өтүшмөкчү. Мында катышкан профессордук курам билим беруу жана илим изилдөөдө электрондук маалыматтар менен иштөөнүн заманбап компетенциялары жана чет тилдерин окутуудагы эл аралык жаңы стандарттар тууралуу билим алышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть