Жолугушуу «Нойгут жаштары» фонду жана Нойгут орто мектеби тарабынан учурда жаштарга үлгү болуп, ийгиликтүү жаштарды ар тараптан колдоо максатында уюштурулду.
Иш-чарага Кара-Таш айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, Нойгут айылынын башчысы, мектеп жетекчилиги, айылдын тургундары жана окуучулар катышты.
А.Атабаева аталган айыл өкмөттүн жана мектептин ардак грамотасы жана акчалай сыйлыгына ээ болду. Жолугушууда Аида жаштардын ар тараптуу суроолоруна жооп берүү менен окуучуларды татыктуу билим алууга үндөп, аларга ийгилик каалап, уюштуруу тобуна ыраазычылыгын билдирди.
Бул саамалык учурда ийгилик тепкичин аттап келе жаткан жаштарга дем-күч берерин ошондой эле бул сыяктуу иш-чаралар байма-бай уюштурулуп турса, келечек ээлери болгон жаштардын туура нукка калыптануусуна мыкты түрткү болорун жергиликтүү жетекчилер баса белгилешти.