Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу факультетинин экономика жана финансы кафедрасы тарабынан мектеп жана лицей окуучулары арасында «Сарамжалдуулук — бакубат жашоонун тиреги» аттуу темада эссе сынагы өткөрүлдү.
Сынакка Гапар Айтиев, Жолон Мамытов жана Курманжан Датка атындагы орто мектептердин 9-10-11-класстарынын окуучулары катышты.
Иш-чара 2016-2020-жылдары өкмөтүтүн жана Улуттук банктын калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын аткаруу максатында уюштурулду.
Сынактын жыйынтыгында Ж.Мамытов атындагы орто мектебинин окуучусу Аманбаева Миргүл 1-орунду багыдырды. Курманжан Датка атындагы орто мектебинин окуучусу Кожомберди кызы Зуура 2-орунду ээледи. Ал эми Ж.Мамытов атындагы орто мектебинин окуучусу Баргыбаева Акмарал 3-орунду камсыз кылды.
Байгелүү орундарды алган окуучуларга уюштуруучулар тарабынан акчалай жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.