13:03 30 января 2020

ОшМУ менен Түркиянын бир катар университеттери эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол коюшту

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Туркиянын Сивас, Анкара, Токат, Амася шаарларындагы жогорку окуу жайлар менен кызматташтыкты өнүктүрүү максатын көздөгөн иш сапарда болушту.

Иш сапардын алгачкы күнү Жумхуриет университетинде башталды. Делегация университеттин жалпы түзүлүшү, структурасы жана иштөө менеджменти менен жакындан таанышышты. Ошондой эле Жумхуриет университетинин ректору, профессор Алим Йылдыз менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда эки тараптуу бирдиктүү иш алып баруу маселесинин тегерегинде сөз болуп, мындан ары эки университет ар бир адистик боюнча студенттерди академиялык мобилдүүлүккө жиберүү, өз ара кызматташтыкты бекемдөө чечимине келишти. Башкача айтканда, ОшМУнун түрдүү адистигинде билим алып жаткан 100 студентти Түркиянын Жумхурият университетинде мобилдүүлүктүн негизинде 1 жыл окутуу чечимине жетишишти.

Иш сапардын кийинки бөлүгү Токат шаарындагы Османгази паша атындагы университетинде жана Амася шаарындагы Амася университетинде уланды. Османгази паша атындагы университеттин ректору, профессор Буньямин Шахин жана проректору Ибрахим Өзбай менен эки тараптуу кызматташуу келишими, «Мевлана» жана «Эрасмус+» программалары боюнча келишимдерге кол коюлду. Амася университетинин ректору, профессор Сулейман Елмажы менен эки тараптуу кызматташуу жана Мевлана программасы боюнча келишимге кол коюлду.

Аталган университеттер менен ОшМУ студенттер ортосунда академиялык мобилдүүлүктү гана өнүктүрбөстөн, окутуучулардын илим изилдөө, тажрыйба алмашуу багытында кызматташтыктарын да бекемдейт.

Анкара шаарында Түркиянын Юнус Эмре институнун (Түрк тилин жана маданиятын дүйнөгө жайылтуу мамлекеттик мекемеси) өкүлчүлүгүн ОшМУнун базасында ачуу боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Иш сапардын алкагында ОшМУдан барган дегегация тууралуу жана кабыл алынган келишимдер боюнча аталган университеттердин расмий сайттарында маалыматтар берилип турду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть