2020-жылдын 30-январь күнү Майлуу-Суу шаарындагы №3 орто мектебинде Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата семинар болуп өттү. Бул тууралуу Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Райкан Акамбаева билдирди.
Иш-чарага шаардагы 7 мектептин директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары жана соцпедагогдор катышты.
Семинардын максаты — мектеп окуучуларына заман талабына ылайык жаңыча маалыматтык технология менен иштөөнү үйрөтүү жана ар бир сабакта пайдалануу, балдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктун алдын алуу жана өз укуктарын коргой билүүгө үйрөтүү.
Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Д.Атаканова «Мектеп окуучуларына заман талабына ылайык жаңыча маалыматтык технология менен сабак өтүү — заман талабы» деген темада сабак өтүп, катышуучуларга интерактивдүү досканы сабак учурунда колдонунун ыкмаларын көрсөтүп берди.
Мектептин соцпедагогу Э.Усувалиева «Балдарды колдоо жана коргоо» деген темада 5-класска сабак өтүп, сабакты Ч.Айтматовдун чыгармаларында балдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктун чагылдырылышы аркылуу түшүндүрдү.
Окуучулар семинар-сабакта өз ойлорун айтып, өз укуктарын коргоо жөнүндө билим алышты.