2020-жылдын 31- январында Майлуу-Суу шаарындагы №3 жалпы орто мектебинде «Жашы жете элек ѳспүрүмдѳр арасында кылмыштуулуктун жана жугуштуу оорулардын алдын алуу» деген темада жолугушуу болду.
Жолугушууга Майлуу-Суу шаардык билим берүү бѳлүмүнүн башкы адиси Райкан Акамбаева, үй-бүлѳ жана баланы коргоо бѳлүмүнүн башкы адиси Гүлбарчын Татикулова, шаардык ички иштер бөлүмүнүн ЖКККБ башчысы Кадырбек Ташкараев, жашы жете элек ѳспүрүмдѳр менен иштөө инспекциясынын инспектору Бабурбек Жолборсов катышты.
8-11-класстын окуучулары жана алардын ата-энелерине жашы жете элек ѳспүрүмдѳр арсындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мектептин медициналык кызматкери Айжамал Маданбекова жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча баяндама окууду.