19:28 10 февраля 2020

Майлуу-Суудагы №7 мектепте жугуштуу оорулардан кантип сактануу керектигин айтышты

Майлуу-Суу шаарындагы №7 орто мектебинде 5-февраль күнү 9-11-класстын окуучулары жана ата-энелери менен биргеликте «Жугуштуу оорулардын, адам сатуунун жана жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу» деген темада жыйын өткөрүлдү.

Иш-чарага шаардын вице-мэри М.Тургунбаев, өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы А.Сагындыкова, билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Р.Акамбаева, Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага инспектору Б.Жолборсов, балдар дарыгери З.Базаркулова, мектеп медайымы Н.Тилешова катышты.

Мектеп медайымы Н.Тилешова азыркы учурдагы жугуштуу оорулар — сасык тумоо, коронавирус жөнүндө айтып, сактануунун жолдорун айтты.

Мектептин соцпедагогу З.Акматкулова, ЖӨИнин ага инспектору Б.Жолборсов өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, социалдык ролик көрсөтүп, жолдо жүрүү эрежелери тууралуу айтып, ар бир ата-энеге өз уул-кыздарын көзөмөлгө алуусу керектигин белгилешти.

Жыйындын сонунда окуучулардын жана ата-энелердин суроолоруна жооптор айтылып, талкуу жүрдү. Ар бир ата-энеге өз уул-кыздарын мектепке чейинки жана мектептен кийинки убакта көзөмөлдөө милдеттендирилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть