Ош технологиялык университетинин корей тил мугалими Ким Бу Гил Кыргызстанда корей тили жана корей маданиятын жайылтууда салым кошкондугу үчүн Кореянын Маданият, спорт жана туризм министрлиги тарабынан ардак грамота менен сыйланды.
Ким Бу Гил 2011-жылдан баштап ОшТУда корей тил мугалими катары эмгектенип келет. Ал 2013-жылы Ош технологиялык университетинде Ош 1-Сежоң корей тил институтун түптөгөн.