Учурда күч алган коронавирус, сасык тумоо, вирустук жана кызамык ооруларын алдын алуу боюнча Өзгөн райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун бөлүм башчысы Т.Кожоев, райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери У.Султанов, Р.Жакыпов жана аталган борбордун «Ден соолукту чыңдоо» кабинетинин адиси Г.Турдуева ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун студенттерине баяндама жасашты.
Алар жаштарга жана окутуучуларга аталган оорулардын алдын алуу боюнча бир канча сунуштарды беришип, катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп беришти. Андан сырткары, туура тамактануу, физикалык активдүүлүк ж.б. боюнча да окутуулар болду.