19:47 10 февраля 2020

Оштогу 1-класстын окуучусу Арсен Сапарбаев каратэ-до боюнча дүйнө кубогунда 2 алтын жана 3 күмүш медаль утту

Ош мамлекеттик университетинин «Зирек» башталгыч билим берүү борборунун 1-классынын окуучусу Арсен Сапарбаев Москва шаарында өткөн спорттун каратэ-до шотокан түрү боюнча дүйнө кубогуна катышып, 2 алтын, 3 күмүш медалдын ээси болду.

Ал 1-2-февраль күндөрү Бишкек шаарында өткөн каратэ боюнча республикалык ачык чемпионатта 1-орунду багындырып, алтын медалды жеңип алган. Учурда ушул жылдын март айында Түркияда өтүүчү чемпионатка даярданып жаткан учуру.

Арсенди ОшМУнун административдик кеңешинде жалпы жамааттын атынан ректор Кудайберди Кожобеков куттуктап, окууда, спортто ийгиликтерди каалады жана дайыма колдоо көрсөтүп келе жаткан ата-энесине ыраазычылык билдирди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть