13:52 14 февраля 2020

ОГПИде «Жаштар спортту тандайт» аталышында жолугушуу болду

Ош-гуманитардык педагогикалык институтунда «Жаштар спортту тандайт» аталышында жолугушуу болуп өттү.

Аталган иш-чаранын коногу Мамлекеттик бажы кызматынын адистештирилген окутуу бажысынын подполковниги Нурбек Жээнбеков болуп, алгач студенттерге тийиштүү болгон бардык маалыматтарды берди: мында баңгилик дарт деген эмне жана анын түрлөрү, стимуляторлор, марихуана , синтетикалык баңгизаттар. Аларды колдонгон адамдардын өмүрүнүн кооптуулугу, баш тартуу абалы туурасында терең түшүнүктөр сөзгө алынып, слайд аркылуу чагылдырылды.

Коомчулукту түзүп турган жаштарга туура маалымат жеткирүү жана аларды жакшы жолго багыттап, жаман жолдон кайтаруу максатында уюштурулган бул жолугушуу суроо-жооп жана атайын баңгизатка уюшулган бир топту түзүү менен жыйынтыкталды. Алдыда бул түзүлгөн топ жер-жерлерге кыдырып, жаштар арасында баңгилик боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, спортко үндөө максатында иш алып барышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть