14:27 14 февраля 2020

ОГПИнин студенттерине илимдин докторлору конок лекция окушууда

Тажрыйба алмашуу, билим берүүнү жакшыртуу жана билим сапатты жогорулатуу максатында ЖОЖдор арасында мобилдүүлүк программасы ишке ашып, ага ылайык И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессорлору география илимдеринин доктору Абжапар Эргешов, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, география илимдеринин доктору Темирбек Чодураев жана Ош мамлекеттик университетинин профессору, география илимдеринин доктору Курманаали Матикеев Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна келип, студенттерге лекция окушту.

Бул иш-чара окуу жайдын табият таануу жана география факультетинде уюштурулуп, география адистигинде билим алып жаткан студенттер бул лекцияда жалпы география жана анын көйгөйлөрү туурасында жаңы түшүнүктөргө ээ болушту. Мындан тышкары, бир топ суроолордун үстүндө талкуу жаратышып, профессорлор сабак өтүүнүн усулдары боюнча да маалымат беришти.

Андан соң коноктор факультеттин окутуучулар жамааты менен жолугушуп, эркин маек курушту. Мында илим жолундагы ийгиликтер, илимий даражага ээ болууда көрсөткүчтөр тууралуу пикир алышып, ортодогу байланышты бекемдөө иретинде мындан ары да тыгыз иш алып баруу керектигин белгилешти.

Окуу жайда бул сыяктуу тажрыйба алмашуу иштери салтка айланып, бардык адистиктер боюнча конок лекциялар уюштурулуп келүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть