14-февраль — Китеп белекке берүүнүн эл аралык күнүнүн урматына Ош технологиялык университетинде Студенттик акыйкатчы аппаратынын алдында түзүлгөн «Китепкөй ОшТУ» аттуу долбоорунун алкагында китеп жарманкеси болду.
Жарманкеге окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттери катышты. Иш-чаранын максаты – студенттердин китепке болгон кызыгуусун арттыруу, студенттерди пайдалуу жана жаӊы чыгарылган китептер менен камсыздоо болуп саналат.