Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Ош шаарында волейбол боюнча Кыргызстандын кайрымдуулук чемпионаты өткөрүлдү.
Мелдешке Ош технологиялык университетинин аялдар командасы, саясатчылар, мугалимдер, дарыгерлер, юристтер, экономисттер, журналисттер жана ишкер айымдар катышты.
Иш-чаранынын максаты 15-февраль — Рак илдетине чалдыккан балдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата «Өмүр үчүн ойнойбуз!» деген ураан менен Кыргызстандын аялдарынын ынтымагын бекемдөө, биримдикте бири-бирин колдоосун арттыруу, өз ара түшүнүүсүн жогорулатуу аркылуу рак илдети менен ооруп жаткан 12 жаштагы Темирбекова Айжамалдын операциясы үчүн керектелүүчү акча каражатын чогултуу болуп саналат.
Оюнда ОшТУнун аялдар курама командасы 1-орунду камсыз кылышып, чемпион болушту.