2020-жылдын 17-февралында Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Эл аралык эне тил жумалыгынын ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарада кыргыз тили, орус тили, чет тили кафедралары жана Кыргыз-Корей маалыматты жеткирүү, Түрк тили, Немис тили борборлору өзүдөрүнүн даярдап келген өнөрлөрүн элге тартуулады. Майрамдык салтанатка КМТУнун ректору Муратаалы Жаманбаев, өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректору Бекжан Төрөбеков, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комисисиянын маалымат катчысы Кутмырза Жакыбалиев жана Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин билим берүү боюнча кеңешчиси Харун Каржы катышты.
Майрамга ар бир тил кафедралары жана тил борборлору тарабынан улуттук маданият, каада-салт, үрп-адаттар көрсөтүлдү.