2020-жылдын 17-18-февралында К.И.Скрябин атындагы КУАУда «Мамлекеттик - жеке өнөктөштүктүн негизиндеги агрономдордун конференциясы» аттуу республикалык иш-чара өткөрүлдү.
Конференциянын экинчи күнүндө Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухамметкалый Абылгазиев университетке келип, конференцияга катышуу менен бирге окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен таанышты.
Чынгыз Айтматовдун кабинетинде болуп, лингафондук кабинетте англис тилин үйрөнүп жаткан студенттер менен жолугуп, бүгүнкү күндөгү агрардык адистиктин артыкчылыктуу жактарына токтолуп, аларга ийгилик каалады.