Ош технологиялык университетинде Бирдиктүү терезе кызматы өз кызматын баштады. Окуу жайдын биринчи кабатынан орун алган Бирдиктүү терезе кызматына атайын жай ажыратылып, заманбап оргтехникалар менен камсыздалган.
Бирдиктүү терезе аркылуу жарандарга окуу жайда жүргүзүлүүчү документтик иштерин жеңил жана тез убакытта бүтүрүүгө шарттар түзүлмөкчү. Жарандар Бирдиктүү терезе аркылуу төмөндөгү кызматтарды пайдалана алышат:
1. Маалымат каттардын баардык түрүн
2. Жүгүртмө баракчаларды (обходной лист)
3. Академиялык маалымат каттарды
4. Транскрип
5. Электрондук маалыматтарды (AVN) алуу үчүн окутуучуларга жана студенттерге логин парольдорун берүү
6. Сурап билүү жайы