11:59 20 февраля 2020

ОшМУ Түштүк-Урал мамлекеттик университетинин ректоруна «ОшМУнун ардактуу профессору» наамын ыйгарды

ОшМУ Түштүк-Урал мамлекеттик университетинин ректоруна «ОшМУнун ардактуу профессору» наамын ыйгарды

Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын алкагында бүгүн 19-февралда Ош мамлекеттик университетине Россия Федерациясындагы Түштүк -Урал мамлекеттик университетинин ректору, тех.и.д., профессор Александр Шестаков атайын визити менен келди.

Алгач ОшМУнун ректору К.Кожобеков менен жолугуп, эки жогорку окуу жайдын кызматташтык алакалары, алдыдагы пландар боюнча пикир алышышты.

Университеттин чон залында атайын салтанат уюштурулуп, иш-чарага университеттин Окумуштуулар кенешинин курамы, структура жетекчилери, окутуучулар, студенттер катышышты. Салтанаттын жүрүшүндө Түштүк-Урал мамлекеттик университетинин ректору, профессор Александр Шестаковго ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечимине ылайык «ОшМУнун ардактуу профессору» наамы ыйгарылды. Профессор Александр Шестаков университеттин жетекчилигине, жамаатка ыраазычылык сөзүн айтып, бул наамды аванс катары кабылдарын билдирди жана эки окуу жайдын ар тараптуу кызматташтыгын мындан да бийик деңгээлге чыгуусуна салым кошорун белгиледи. Ошондой эле Түштүк-Урал мамлекеттик университети жөнүндө өзүнүн презентациясын жасады.

ОшМУ менен Түштүк-Урал мамлекеттик университетинин кызматташуу меморандуму жаңыланып, окутуучулар, студенттер ортосунда академиялык мобилдүүлүктү өркүндөтүү, илимий багытта кызматташтыктарды күчөтүү, биргелешкен билим берүү, кош диплом сыяктуу кызматташтыктар боюнча келишимге кол коюшту.

Саамалыктын алкагында «ОшМУнун ардактуу профессорунун» урматына окуу жайдын таланттарынын концерттик программасы тартууланды.

Түштүк-Урал мамлекеттик университетинин ректору, профессор Александр Шестаков 19-20-февраль күндөрү ОшМУда болуп, факультеттерде конок лекцияларды окуп, университеттин структуралары менен таанышат.

Кошумчалай кетсек, ОшМУ менен Түштүк-Урал мамлекеттик университетинин ортосунда 2015-жылы кызматташуу меморандумуна кол коюлган. Ошондой эле эки окуу жай Шанхай кызматташтык уюмунун университеттеринин (ШКУУ) мүчөсү катары кызматташып келишет. ОшМУдан ар жылы магистранттар I семестр Түштүк-Урал мамлекеттик университетинен академиялык мобилдүүлүктөн өтүп келишет.

Түштүк-Урал мамлекеттик университети Россия Федерациясындагы эң ири жогорку окуу жайлардын бири болуп саналат. Университет бакалавр багытында 250, магистратура багытында 150, аспирантура багытында 82 программа боюнча билим берет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть