ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү институтунун орто кесиптик билим берүү программасы боюнча даярдалып жаткан башталгыч класстарда окутуу адистигинин сырттан окуу бөлүмүнүн студенттерине №8 Курманжан Датка орто мектебинин директору Т.Жусупов жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирге мугалими А.Мамасейитов конок лекция окуду.
Лекция учурунда азыркы учурда заман талабы боюнча болочок башталгыч класстын мугалимдери мектепте билим берүүнү жана тарбиялоону ийгиликтүү чечүү үчүн негизги билимдерди жана билгичтиктерди билүүсү зарыл экендиги айтылды. Ошондой эле башталгыч класс ар тармактуу билимдердин башаты, ал үчүн болочок башталгыч класстын мугалиминин даярдыгын өркүндөтүүдө предметтер аралык байланышты билиши зарылдыгы белгиленди.
Конок лекция эркин форматта өттү.