Ош технологиялык университетинде Эл аралык эне тил майрамы салтанаттуу белгиленди.
Майрамдык салтанатты окуу жайдын мамлекеттик тил кафедрасы уюштуруп, окуу жайдын жетекчилиги, студенттер жана окутуучулар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө ар улуттун маданияты, каада-салты, үрп-адаттары тартууланды.