9:34 21 февраля 2020

ЖАМунун Конфуций институтунун жамааты Көк-Жаңгактагы мектептерге технкиалык жардам көрсөттү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институту азыркы учурда Көк-Жаңгак шаарындагы М.В.Фрунзе атындагы №1, Ю.Гагарин атындагы №4, М.В.Ломоносов атындагы №6 орто мектептеринде кытай тили боюнча окуу пунктуларын ачып, эки жылдан бери тыгыз кызматташып келет.

2020-жылдын 17-февралында Көк-Жаңгак шаарынын Ю.Гагарин атындагы №4 орто мектебинде Конфуций институтунун жана аталган 3 мектептин жамаатынын, андагы кытай тилин окуп-үйрөнүп жаткан окуучулардын катышуусунда иш-чара өткөрүлдү.

Бул демилгени ЖАМУнун жетекчилиги менен Конфуций институтунун жамааты көтөрүп, Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата Көк-Жаңгак шаарындагы мектептерге материалдык-техникалык колдоо көрсөтүү максатында уюштурушту.

Иш-чараны мектеп директору Элмира Мирзахмедова ачып, өз сөзүндө мектеп окуучуларынын тил үйрөнүүгө ынтызарлыгын эске алып, аларга керектүү шарттарды ЖАМУ менен биргеликте түзүп берүүгө аракеттер болуп жаткандыгын айтып өттү. Андан соң окуучулар кытай мугалимдеринин жардамы менен үйрөнгөн кытай элинин ырларын, бийлерин, көркөм окууларды, ушу өнөрүн аткарып беришти.

Салтанаттын жүрүшүндө ЖАМУнун ректору, профессор К.Усенов сөз сүйлөп, учурда аймактарга көңүл буруу, ар тараптан колдоо көрсөтүү мамлекеттик деңгээлде колго алынып жаткандыгын баса белгиледи. Өз сөзүндө окуучулардын терең билим алышын, келечекте өлкө үчүн эң керектүү кесиптерди тандоосун, ал максаттарын ишке ашырууга чын дилден тилектештигин билдирип, мектеп бүтүрүүчүлөрүн Кыргызстандагы эң алдыңкы окуу жайларынын бири болгон Жалал-Абад мамлекеттик университетинен билим алууга чакырды. Сөзүнүн соңунда М.Фрунзе атындагы №1, Ю.Гагарин атындагы №4, М.В.Ломоносов атындагы №6 орто мектептеринин ар бирине бирден компьютер белекке берди.

Иш-чаранын аягында Көк-Жаңгак шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Б.Маткаримов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Сейдакматова сөз сүйлөп, ЖАМУнун жана Конфуций институтунун жетекчилигине Көк-Жаңгак шаарынын билим берүүсүнө кошкон салымдары үчүн ыраазычылыгын билдирип, ыраазычылык каттарын тапшырышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть