10:13 24 февраля 2020

ОГПИнин студенттерине КМУнун профессору котормонун теориясы жана практикасы боюнча лекция окуду

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Даир Кенжебаев Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда студенттерге конок лекция окуду.

Аталган лекция «Котормонун теориясы жана практикасы» деген аталышта болуп, ага ОГПИде филологиялык билим берүү багыты боюнча даярдалып жаткан кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис жана кытай тили адистигинде окуган студенттер катышты.

Студенттер үчүн бир топ маалымат алууга шарт түзүлгөн бул саамалыкта котормо таануу илиминин адам турмушундагы ролу жана анын учурдагы актуалдуулугу, филолог адистер үчун котормо өнөрүнүн мааниси, котормочудан талап клынуучу кесиптик сапаттар тууралуу кенен сөз болду. Ошондой эле Д.Кенжебаев практик котормочу катары да ой-пикирлерин билдирип, котормочулук өнөрдүн артыкчылыктары, өзүн өнүктүрүүнүн натыйжалуу жолдору тууралуу өзүнүн турмуштук тажрыйбасынын мисалында баяндап берди.

Лекция студенттерди ар тараптуу билимге сугаруу максатында кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан уюштурулган. Планга ылайык, лекция 27-февралга чейин уланып, тиешелүү багытта башка темалар боюнча да студенттер менен жолугушуулар болмокчу.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть