13:18 26 февраля 2020

ЖАМУнун студенттери иш берүүчүлөр менен жолугушту

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эмгек жамааты «Иш берүүчү-2020» аталышындагы иш-чаранын алкагында жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрдү.

Эл аралык көз карандысыз аккредатациялык коммисиянын (НААР) талабына ылайык, төмөнкүдөй маселелер күн тартибине коюлуп, талкууланды:

- окуу программаларын талкуулоо ;

-бүтүрүүчүлөрдүн моделин түзүү;

- күтүлүүчү натыйжалар ;

- жумуш берүүчүлөрдүн суроо- талаптарын угуу.

Жолугушуунун расмий бөлүгүн ЖАМУнун ректору техника илимдеринин доктору, профессор, К.Усенов ачып, жаштардын келечегине кайдыгер карабай келип, катышып жаткан жумуш берүүчүлөргө ыраазычылык билдирди. «Окуу жай замандын агымы менен жаш адистерди даярдап, өлкөнүн социалдык-экономикасынын жана коомдун өнүгүүсүнө салым кошуп келет. Биздин бүтүрүүчүлөр өлкөнүн бардык аймактарында жана дүйнөнүн туш тарабында алган билиминин негизинде эмгектенишүүдө. Кесипкөй адистерди даярдоо максатында окуу жайда материалдык-техникалык база чыңдалып, шарттар түзүлгөн», - деди ректор.

Жолугушуунун калган бөлүгү талкуулар, студенттер тарабынан уюштурулган концерттик рограмма жана чай үстүндө баарлашуу менен уланды.

Бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыздоо максатында ар жылы бир нече ирет иш берүүчүлөр менен жолугушуу уюштурулат. Жолугушууда иш берүүчүлөрдүн ой-пикирин угуп, адистерге коюлган талаптар эске алынат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть