19:09 26 февраля 2020

Ош технологиялык университетинин мыкты мырзасы аныкталды

25-февраль күнү Ош технологиялык университетинде «ОшТУ мырзасы - 2020» сынагы болуп өттү.

Сынакка жалпысынан 9 жигит катышып, күч сынашты.

Иш-чара Жаштар комитети тарабынан жаштарды коомдук иштерге аралаштыруу, студенттердин достук мамилесин чыңдоо, интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу, көрүүчүлөрдүн маданий эс алуусун уюштуруу, эстетикалык табитин арттыруу, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу, мекенчилдикке тарбиялоо максатында уюштурулган.

Жыйынтыгында 1-орунду технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин студенти Дастан Айтбаев ээлеп, «ОшТУ Мырзасы» аталды. 2-орунду кибернетика жана маалымат технологиялары факультетинин мырзасы Мамат уулу Турдукул камсыздады. Ал эми 3-орунду гуманитардык-технологиялык колледжинин мырзасы Бекмырза Разаков Бекмырза алды. Энергетика факультетинин мырзасы Алибек уулу Субанбек «ОшТУ инстаграм мырзасы» номинациясы менен сыйланды.

Жеңүүчүлөр окуу жайдын жетекчилиги тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть