Ош технологиялык университетинде стол тенниси боюнча I лиганын клубдар аралык мелдеши өткөрүлдү.
Мелдешке Түштүк аймагынын ОшТУ–Розалина, Ардагерлер, Виктория, А.Орозбеков, ЮиРС жана ОшМУ командалары катышты. Мелдеш 3 тур менен өтүп, жыйынтыгында 1-орунду ОшТУ–Розалина, 2-орунду Ардагерлер, ал эми 3-орунду Виктория командалары камсыз кылышып, баалуу белектерге ээ болушту.
Мелдештин экинчи күнүндө оюнга Өзбекстандын 2 курама командасы, Ош шаарынын жана Баткен облусунун мыкты командалары катышты. Жыйынтыгында 1-орунду Андижон командасы, 2-орунду Андижон-Давлат командасы ал эми 3-орунду Ош шаарынын Фаворит командасы камсыз кылышты.
Жеңүүчүлөргө, мыкты оюнчууларга баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды.