17:34 2 марта 2020

Алыш күрөшү боюнча Дүйнө чемпионуЭлдияр Сексенбаевди ОшМУнун ректору кабыл алды

Алыш күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону, ЖАМУнун студенти Элдияр Сексенбаевди ОшМУнун ректору Кеңешбек Усенов кабыл алып, жеңиши менен куттуктады.

Кыргызстандагы биринчи кыргызча спорттук сайты тарабынан олимпиадалык спорт түрлөрү, олимпиадалык эмес спорт түрлөрү, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында «Мыкты команда», «Улуттук спорт», «Мыкты спортчу айым», «Мыкты спортчу» номинацияларына добуш берүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгы 27-февраль күнү чыгарылып, интернет добуш берүү жана эксперттик комиссиянын тандоосу менен улуттук спорттун түрү боюнча 2086 добуш алып, Элдияр Сексенбаев жеңүүчү аталган.

«Сенин ар бир жараткан ийгилигиң жалпы биздин окуу жайдын жетишкени деп сыймыктануу менен кабыл алабыз. Жакында Көчмөндөр оюнуна катышуу үчүн жолдомо алууга сапар тартуу алдында турасың. Өзүмдүн жана жалпы жамааттын атынан ийгилик каалайм», - деди ректор Кеңешбек Усенов.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылы Көчмөндөр оюну Түркия мамлекетинде өткөрүлөт. Улуттук алыш күрөшү боюнча 70 кг салмакта күч сынашмакчы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть