9:26 9 марта 2020

Геология, тоо-кен иштери университетинин студенттери ОшТУдагы сабактарга катышууда

Академик М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетине академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу университетинин студенттери жана окутуучулары келишти.

Бул иш-чара ички мобилдүүлүктөр боюнча университеттер аралык түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашты. Коноктор ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов менен жолугушуп, окуу жай менен таанышып чыгышты.

Жолугушуунун негизги максаты – Ош технологиялык университети менен У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу университетинин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана өлкө ичиндеги мобилдүүлүктү жакшыртуу болуп саналат.

2020-жылдын 2-мартынан 12-мартына чейин, 10 күндүк ички мобилдүүлүк боюнча «геология» багыты боюнча келген студенттер сабактарга катышууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть