И.Раззаков атындагы КМТУнун Жогорку дизайн мектебинин жаш окутуучулары Узубеков Авас, Сулайманова Камила жана Тойчубекова Гүлназ Кыргызстандагы Түрк кызматташтык жана координация агенттиги жана Билим берүү министрлиги тарабынан 2020-жылдын 24-29-февраль күндөрү уюштурулган «3D-дизайн жана 3D-моделдөө принтерин колдонуу боюнча базалык окутуу» аталышындагы программанын тереңдетилген модулуна катышты.
Жыйынтыгында алар сертификатка ээ болушту. «3D-дизайн жана 3D-моделдөө принтерин окутуу» программасын Түркиядан келген адистер түрк тилинде өткөрүштү. Жаш окутуучулар университеттеги ТОМЕР курстарын ийгиликтүү аяктап, түрк тилин мыкты өздөштүрүшкөн.
Сертификат тапшыруу аземине Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин Кыргызстандагы координатору Али Муслу жана Түркиядан келген 3D-дизайн боюнча адис Джелаледдин Четинкая катышты.