Кыргыз улуттук агрардык университетинин айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы факультетинин кафедрасында 2019-жылдын 6-ноябрында ачылган Виртуладык лаборатория азыркы учурда студенттерге сапаттуу жана терең билим берүү үчүн кызмат кыла баштады.
Лабораториянын башкы максаты – заманбап технологияны колдонуу менен айыл чарба азыктарын өндүрүү жана сатуудагы жогорку квалификациядагы менеджер-логисттерди даярдоо менен улуттук, эл аралык компаниялардын ишмердүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.
Аталган лабораторияда студенттерге кафедранын окутуучулары заманбап компьютердик технологияны колдонуу менен сабак өтүшүүдө. Лабораториядагы заманбап технологиялык жабдыктар: «акылдуу доска», «виртуалдык көз айнек», 3Д-принтер, «документ камер» жана атайын программаларды колдонуу менен өтүлгөн сабактар студенттер үчүн өтө кызыктуу болууда.