14:58 9 марта 2020

Бишкектеги 4 университеттин студенттери «Кана эмесе, кыздар ай!» сынагына катышты

2020-жылдын 3-мартында А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында жогорку окуу жайлардын студенттери арасында Аялдар кеңеши тарабынан уюштурулган «Кана эмесе, кыздар ай!» аталышындагы сынак өткөрүлдү.

Сынактын алдында Аялдар кеңешинин төрайымы Айнуру Алтыбаева И.Раззаков атындагы КМТУнун технология факультетинин деканы, химия илимдеринин доктору, профессор Тамара Жунушалиеваны «Даткайым» төш белгиси менен сыйлады.

Сынакка Жусуп Баласагын атындагы КУУ, И.Арабаев атындагы КМУ, И.Раззаков атындагы КМТУ жана Кыргызстандын Эл аралык университети катышты. Ар бир окуу жайдан келген студенттер өздөрүнүн сахна чеберчилигин көрсөтүштү.

И.Раззаков атындагы КМТУнун студенттерин технология факультетинин деканы Тамара Жунушалиева, тарбия иштери боюнча декандын орун басары Саламат Абдыкалыкова менен кыргыз тили кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Жумагүл кызы Айнура даярдаган.

Сынакта технология факультетинин студенттери басымдуулук кылышты. Анда саламдашуу, этникалык чыгарма, Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы аялдардын образы жана суроо-жооп тапшырмалары берилген. КМТУнун студенттери саламдашуу менен катар кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу Осмон кызы Жылдыздын калемине таандык «Политех» аталышындагы ырды аткарышып, андан тышкары 60 студенттин аткаруусунда «Манас» эпосун бийдин коштоосунда аткарып беришти. Ошондой эле Ч. Айтматовдун чыгармасынан алынган каармандардын образын жарата алышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть