11:15 9 марта 2020

ОшМУнун мырзалары айымдарга ыр десте тартуулашты

Ош мамлекеттик университетинин мырзалар жамааты Ош шаарындагы З.Бабур атындагы музыкалык-драма театрында окуу жайдын айымдар жамаатына майрамдык кече тартуулашты.

Майрамга карата уюштурулган иш-чарада легендарлуу «Мырзалар» тобунун концерти тартууланды.

Кеченин башталышында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков башында турган ректораттын мырзалары Бабур театрынын фойесинде жандуу музыканын коштоосунда айымдарды тосуп алды.

Концерттин жүрүшүндө ОшМУнун ректору К.Кожбеков: «ОшМУнун кызматкер айымдары — үйдө жароокер жар, мээримдүү эне, көчөдө кулпурган гүлдөй жарашыктуу кийинип, ааламды жаркыткан азылзаада аял, окуу жайда жигердүү кызматкер жана чебер педагог. Биз ар дайым окуу жайыбыздын асылзаттары менен сыймыктанабыз», - деп бардык аялзатын майрамы менен куттуктады.

Концерттин жүрүшүндө ректор ОшМУнун өсүп-өнүгүшүнө өз салымдарын кошкон эжейлерге акчалай сыйлык жана алкыш баракчаларын тапшырды.

Учурда окуу жайда 17 илимдин доктору — профессор, 179 илимдин кандидаты — доцент, 20 илимдин кандитады — улук окутуучу, 13 илимдин кандидаты — окутуучу эжейлер билим берип келүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть