Ош технологиялык университетинин студенти Топчубаев Максатали жетектеген ыктыярчылар тобу 15-мартта «Тазалык – университет үчүн, университет – биз үчүн!» урааны менен окуу жайдын айланасын тазалоого чыгышты.
Студенттер актоо, сырдоо, калыбына келтирүү иштери менен биргеликте окуу жайдын жана Эрдем мечитинин айланасын тазалашты. «Ар бирибиз тазалык үчүн жооптуу экенибизди унутпай, айлана-чөйрөгө зыян келтирбегенге аракет кылуубуз зарыл», - дейт акциянын катышуучулары.