8:17 18 марта 2020

ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжинин студенттери футбол боюнча мелдешке түштү

Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжинин студенттеринин арасында 14-мартта футбол оюну боюнча спорттук мелдеш өттү.

Иш-чара колледждин Жаштар комитети тарабынан студенттердин ден соолугун чыңдоо, спортко болгон кызыгуусун өркүндөтүү максатында уюштурулган.

Спорттук мелдешке колледждин студенттеринен түзүлгөн командалар катышты. «Жаштарды спортко тартуу менен алардын ден соолугунун бекемдигине жана бош убактысын туура пайдаланууга үндөй алабыз. Ошондой эле спорт – достуктун, биримдиктин булагы, студенттер бири-бири менен жакындан таанышып, достук мамиле курууга жол ачылат», - дешет уюштуруучулар.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө, мыкты оюнчуларга баалуу белектер жана грамоталар тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть