Ош технологиялык университетине 15-мартта Ташкент мамлекеттик техникалык университетинин энергетика факультетинин деканы, техника илимеринин доктору, профессор Жавохир Ташов университеттер аралык түзүлгөн келишимдин негизинде жумушчу сапары менен келди.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр болду, жолугушуулар уюштурулду. Жолугушуунун максаты – Ош технологиялык университетинин жана энергетика факультетинин лабораториялык базалары менен таанышуу, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу, эки факультеттин ортосундагы илимий иштерди жүргүзүү, аспиранттарды даярдоо жана жаңы 2020-2021-окуу жылынан баштап 2+2 форматында окуу процессин ишке ашыруу болуп саналат.