Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту окуу процессин онлайн-режиминде ишке ашыра баштады.
AVN маалымат системасында бардык предметтерден окуу-усулдук комплекстер электрондук вариантта киргизилген. Ар бир академиялык тайпада WhatsApp группалар түзүлдү жана айрым дисциплиналардан Google класста атайын Classroom түзүлүп, студенттерге билим бериле баштады. Сабактардын тартиби кадимки бекитилген рсаписание боюнча аралыктан жүрпүзүлүп жатат.