Ош технологиялык университетинде жана ОшТУнун студенттер үйүндө коронавирустун алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери башталды.
Дезинфекциялоочу адистер сууга кошулмасы бар дары-дармекти окуу жайдын жана жатакананын ичине, бөлмөлөрүнө, айнек-терезелерине, айланасына, дааратканаларына чачышты. Ушундай санитардык тазалоо иштери мындан ары да жүргүзүлмөкчү.
Кыргызстандагы бардык мектептер менен окуу жайлар 16-марттан 8-апрелге чейин 3 жумалык карантинге жабылган.