13:57 20 марта 2020

ОшТУда сабактар аралыктан окутулууда

Учурда кырдаалга байланыштуу Ош технологиялык университетинде окуу процесси онлайн режиминде жүргүзүлүүдө. Бул багытта университетте атайын аралыктан окутуунун иш планы түзүлүп, ага ылайык тиешелүү структура бөлүмдөрү жана профессордук–окутуучулук жамаат иш алып барууда.

ОшТУнун электрондук билим берүү порталына студенттер үчүн ар кандай форматтагы (текст, аудио, видеоматериалдар ж.б.) окуу материалдары, тапшырмалар, усулдук көрсөтмөлөр электрондук түрдө жүктөлүп, смс түрүндөгү көрсөтмөлөр, консультациялар атайын веб-чаттын жардамында жөнөтүлүп, студенттерден жооптор кабыл алынып турат. Студенттер өздөрүнүн үйүндө туруп эле компьютер (ноутбук), планшет же смартфондордун жардамында Интернет аркылуу, өздөрүнүн атайын логин, паролдору менен порталга кирип, виртуалдык сабактарга катыша алышат.

Мындай система мурда сырттан окуган студенттер үчүн колдонулуп келген болсо, учурда күндүзгү окуу формасындагы студенттер үчүн ишке кирип, окутуучу менен студенттин ортосунда Интернет тармагы аркылуу 24 саат бою үзгүлтүксүз байланышты түзүп, on-line жана of-line режимдеринде сабактарды өтүп турууга мүмкүнчүлүк түзөт. On-line сабактардын тартиби университетте бекитилген электрондук расписаниеге жараша жүргүзүлөт жана of-line режиминде сутканын калган бөлүгүндө пайдаланууга болот. Кырдаал чукул болгондуктан жана айылдардагы Интернеттин жетишсиздигинен, кээ бир студенттер порталга кире албай жаткан учурлар да бар.

Кандайдыр бир техникалык себептер менен же өздөрүнүн логин, паролдорун унутуп калып, ОшТУнун билим берүү порталына кире албай жаткан студенттер болсо, өздөрүнүн кураторлору менен байланышып, толук маалымат алса болот.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть