11:07 31 марта 2020

ОшМУ жалпы республикалык тестке даярдыкты текшерүүчү сайт иштеп чыкты

Ош мамлекеттик университетинин ЖОЖго даярдоо борбору тарабынан Retest.kg жалпы республикалык тестке даярдыкты текшерүүчү сайт иштелип чыкты.

Cайт онлайн түрүндө абитуриенттердин жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыгын текшерет.

Өлкөбүздүн бардык аймактарындагы абитуриенттер үй шартында ноутбук, смартфон, планшет менен каалаган браузер аркылуу Retest.kg сайтына кире алышат.

«Алгач абитуриент сайтка кирип, катталуу терезесиндеги маалыматтарды толтуруп алышат. Катталган соң сайтка кийинки киргенде катталуунун керегеги жок. Катталган учурда жазган телефон номерин жана сыр сөздү жазып кире алышат.

Сайтта колдонуучунун негизги эрежелери камтылган, ар бир катталган абитуриент эрежеге көңүл буруусу абзел. «Тест» бөлүмүндө негизги тестте математика, кыргыз тили, кошумча тестте химия, биология предметтери жайгашкан.

Тесттерди толук тапшырып бүткөн соң рейтинг чыгат. Эң жогорку упай алгандар ТОП-30дун катарына кирет. «Рейтинг» бөлүмүндө мектептин аталышы, алган упайы, жайгашкан дареги жазылат. ТОП-30га кирбей калган абитуриенттер жалпы тест тапшыргандардын тизмесинен өзүн көрүүгө болот. «Менин натыйжам» бөлүгүндө бардык тест тапшыруучулардын тизмеси бар.

Ал эми «Негизги тест сертификат» бөлүмүн басканда тест тапшырган катталуучунун арифметика, алгебра, геометрия, сүйлөмдөрдү толуктоо, грамматика боюнча алган упайларын чыгарып берет. Азыркыдай жагдайда абитуриннттер үчүн ыңгайлуу жана пайдалуу болот деген ишеничтебиз», - дейт сайттын түзүүчүсү, Ош мамлекеттик университетинин ЖРТга даярдоо борборунун жетекчиси Бектур Азимов.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык аймактарынан 2000ден ашуун окуучулар Retest.kg сайтына кирип, ЖРТга даярдыктарын текшерип жатышат.

Тестке киргенде толук аяктай албай калсаңыз, тестиңизди 24 сааттын ичинде кайра кирип улантсаңыз болот. Башкача айтканда, браузерден чыгып кеткениңизден кийин да бир сутка убактыңыз токтоп турат.

Төмөндөгү шилтеме аркылуу тесттен өтүүгө болот: http://retest.kg/

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть