8:54 31 марта 2020

ОшМУнун ректору видеоконференция аркылуу бөлүмдөрдүн жетекчилери менен жыйын өттү

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков ректораттын өкүлдөрү, структура жетекчилеринин катышуусунда онлайн-режиминде жыйын өткөрдү.

30-мартта уюштурулган жыйын ZOOM программасы аркылуу видеоконференция режиминде өттү. Административдик кеңеште ОшМУда окутуунун дистанттык технологиясын колдонуу менен окуу процессин уюштуруунун абалы жөнүндө жана ар түрдүү маселелер каралды.

ОшМУда окутуунун дистанттык технологиясын колдонуу менен окуу процессин уюштуруунун абалы жөнүндөгү маалыматтар угулуп,талкууланды.

«Биздин окуу жайда дистанттык технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү 2012-жылдан тартып ишке ашып келген, учурда бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Университетибиздин программисттери KelBil мобилдик тиркемесинин түзүүчүлөрү менен биргеликте студенттерге ыңгайлуу болгон жаңы программа иштеп чыгышты. Башкача айтканда, биринчи жолу AVN системасындагы «Билим берүү порталы» менен бирге эле Zoom, Google Classroom, YouTube ж.б. каражаттарды да кеңири колдонуп, бир системага топтоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Учурда студенттер KelBil тиркемеси аркылуу эле бардык предметтерге кирип, окутуучулар жадыбалга илген шилтемелерди кеңири колдоно баштады», - деди окуу жайдын жетекчиси.

Ректор К.Кожобеков окуу процессин онлайн-режиминде үзгүлтүксүз уюштурууну күчөтүү тапшырмасын берди. Ар бир факультет, колледждерде кураторлордун студенттер менен байланышы бекемделип, ар бир студент менен тыгыз кайтарым байланышта болуп туруулары керектигин эскертти.

Ошондой эле ар түрдүү маселелерде окуу жайдын ар бир жамааты менен тиешелүү жетекчилерди онлайн байланышта болуп, ар бир жамааттын мүчөсүнүн үй-бүлөлүк абалы, турумуш шарты боюнча кабардар болуп турууга чакырды. Тиешелүү жагдайлар болсо жетекчиликке кайрылып, билдирип турууларын тапшырды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть