12:42 1 апреля 2020

Агрардык университетте студенттерге дистанттык билим берилүүдө

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети 2012-жылдан тартып дистанттык билим берүү ишмердигин жүргүзүп келет. Дистанттык билим берүү порталы университеттин кызматкерлери тарабынан иштелип чыгып, AVN автоматташтырылган системасы менен байланыштырылып, бир бүтүн система болуп иштейт.

Университеттин билим берүү http://cdo.knau.kg порталы аркылуу университеттин окутуучулары дистанттык окутуу технологиясын пайдаланып, студенттерге, магистранттарга билим берүү ишмердигин жүргүзөт. Билим берүү порталы ар бир студенттерге жана мугалимдерге виртуалдык кабинеттерин колдонууга, офлайн-режиминде окуу материалдарын алууга мүмкүндүк берет. Мугалимдер студенттер менен бирге виртуалдык кабинеттер аркылуу бири-бири менен байланышып, аралыктан окуу процессин ишке ашырат. Андан сырткары, окуу графигин, экзамендердин расписаниесин, окуу карточкасын, курстан-курска көчүүсү боюнча маалыматтарды окуу процессине жана студенттин өзүнө тиешелүү бардык маалыматтарды алса болот.

Корановирус илдетинен сактануу үчүн мөөнөтүнөн мурда жарыяланган каникул учурунда Кыргыз улуттук агрардык университетинин профессордук-окутуучулар курамы студенттерге жогоруда аталган портал жана башка дистанттык технологияларды колдонуу менен билим берүүнү үзгүлтүксүз улантып жатышат. Дистанттык билим берүү программасы университеттин коллеждеринде да ийгиликтүү иштөөдө.

Ошону менен бирге профессордук-окутуучулар курамына дистанттык билим берүү жана студенттерге дистанттык билим алуу боюнча окуу-усулдук иштери университеттин тиешелүү бөлүмдөрү аркылуу ишке ашырылып жатат. Бул багыттагы окуу-усулдук иштер (видеоматериалдар) университеттин сайтында http://knau.kg жана дистанттык билим берүү сайтында http://cdo.knau.kg жайгаштырылган. Билим берүү порталынан тышкары WhatsApp, Telegram, Messenger программалары да дистанттык билим берүүдө активдүү жана кеңири колдонулууда.

Студенттердин дистанттык билим берүүгө катышы орточо эсеп менен азыркы учурда 85%ды түзөт. Дистанттык билим берүү учурунда байланышка чыкпаган студенттер менен факультеттерде жана кафедраларда тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

ONLINE режиминде конференц-сабактарды өткөрүү Zoom платформасын пайдалануу менен практикаланууда.

Ошону менен бирге университеттин профессордук-окутуучулар курамы Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, бардык курстардын студенттери үчүн жыйынтыктоочу текшерүүлөрдү, ал эми бүтүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик аттестациялоону дистанттык билим берүү технологияларынын жардамы менен ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть