Айактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата Ош технологиялык университети «Билим берүүдөгү санарип технологиялар» иш-чараларынын алкагында аралыктан окутуу боюнча «Мыкты санарип-сабак» аттуу онлайн жана видеосабактардын тандоо сынагын жарыялайт.
Сынак 2020-жылдын 2-апрелинен 30-апрелге чейин өткөрүлөт. Сынакка аралыктан билим берүү боюнча эмгектенип жаткан ОшТУнун бардык окутуучулары катыша алат. Сынактын жеңүүчүлөрү атайын жобонун негизинде аныкталат.
Жеңүүчүлөргө диплом жана баалуу сыйлыктар тапшырылат.