Ош мамлекеттик университетинин Дата-Борборунда иштеп жаткан mail.oshsu.kg серверин колдонуу менен ар бир окутуучунун официалдуу электрондук дареги түзүлдү. Бул тууралуу 6-апрелде өткөн университеттин кезектеги өндүрүштүк онлайн жыйынында ректор Кудайберди Кожобеков маалымдады.
«Азыркы учурда эл аралык тажрыйбага ылайык, университет өзүнүн корпоративдик серверин ийгиликтүү иштетип, ар бир окутуучунун @oshsu.kg дарегин колдонуп иштөөсүн камсыздоосу учурдун талабы. Бул багытта окуу жайда үзгүлтүксүз иштер алып барылууда. Университеттин почталык серверин колдонуу аркылуу @oshsu.kg электрондук дарегин окутуучуларга берүү менен алардын ишмердүүлүгүн заман талабына шайкеш келтиребиз, ошондой эле университеттеги маалыматтарды ыкчам алмашууну уюштурууга кеңири шарт түзүлөп, маалымат коопсуздугун сактоодо да мааниси зор», - деди ректор.
Эми бардык окутуучулар ушул почталар менен кат алмаша башташат. Окутуучулар өз даректерин онлайн-режиминде атайын даярдалган системанын жардамында автоматтык түрдө алышты.