18:48 19 апреля 2020

КМТУнун Политехникалык колледжинин заманбап окутуучусу Айнура Тынышованын тажрыйбасы

Санарип технологияларды өздөштүрүү жана мугалимдерге өзгөчө мотивация берүү максатында 2019-жылдын 11-ноябрында республикалык деңгээлде «Санарип мугалим Кыргызстан» сынагы уюштурулган. Аталган сынакка И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин физика сабагынын окутуучусу Айнура Тынышова да катышкан.

Айнура Медеркуловна өз сөзүндө: «Билим берүү чөйрөсүн санариптештирүүдө айрым салттуу эмес ыкмалар жөнүндө жана менин студенттерим дүйнөдө тездик менен өнүгүп келе жаткан жаңы технологияларды колдоно билсе деп ойлоно баштадым. Аңгыча эле сынак жарыяланып, катышып калдым. Мага сынакка катышкан абдан жакты, көптөгөн жаңы программалар менен иштөөнү үйрөндүм, кесиптик жактан өстүм, тажрыйбаларды чогулттум жана алган тажрыйбаларымды окуу процессинде кеңири пайдаланып, көптөгөн жетишкендиктерге жете алдым деп ойлойм».

Азыркы учурда Айнура Медеркуловна аралыктан окутуу мезгилинде инновациялык технологиялардын төмөндөгүдөй ыкмаларын иш жүзүндө колдонуп жатканын баса белгиледи.

Алар:

  • LearningApps, Mentimeter, Genial.ly, Online Test Past, Google-форумда онлайн тест даярдоо;
  • YouTube, Facebook, Odnoklassniki баракчаларынан аудио, мультимедиялык анимацияларды, видеороликтерди көчүрүп алууну; тиркемелердин жардамы менен викториналарды түзүү;
  • Google classroom, v-9.com, multiurok.ru, mozaik.edu.cation тиркемелеринин жардамы менен онлайн сабактарды өтүү үчүн аянтчаларды түзүү;
  • Саvna, Zeeting, Microcoft PowerPoint ж.б. тиркемелердин жардамы менен инфографиктерди, квесттерди, тапшырмаларды, презентацияларды түзүү;
  • Мугалимдин порталы, uchi.ru, инфосабак, класстык физика сыяктуу пайдалуу шилтемелерди билим берүү процессинде колдонуу:
  • Live Worksheets, Wizer. Me, Formative аянтчасы менен интерактивдүү жумушчудептерлерди түзүү;
  • Zipgrade программасынын жардамы менен тесттерди текшерүү;
  • Студенттердин ишин текшерүү: видеороликтерин, презентацияларын, коллаждарын ж.б.;
  • Социалдык тармактарга керектүү материалдарды жарыялоо;
  • Студенттер жана ата-энелери менен аралык байланыштарды түзүүнү, Zoom тиркемесинин жардамы менен видеоконференцияларды уюштуруу.

Айнура Медеркуловна компетенттүү насаатчы, заманбап окутуучу катары алган тажрыйбаларын кесиптештери менен тең бөлүшүп, азыркы учурда жогорудагы санарип ыкмаларды колледждеги окучуларга аралыктан окутууда кеңири пайдаланып, билим берип келет. 

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть