15:15 29 апреля 2020

ОГПИде аралыктан окутуу боюнча студенттер арасында онлайн сурамжылоо жүргүзүлдү

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда учурдагы билим берүү айдыңында кызуу жүрүп жаткан аралыктан окутуу иш аракети боюнча студенттерден онлайн сурамжылоо жүргүзүлдү.

Аталган сурамжылоо дистанттык формада билим берүүдө жана алууда технологияларды колдонуу менен аралыктан ишке ашырылып жаткан окутуу процессин натыйжалуу уюштурууну андан ары өнүктүрүү максатында окуу жайдын окуу бөлүмү тарабынан уюштурулду. Мында студент институттун расмий сайтындагы AVN билим берүү жана маалыматтык башкаруу системасы аркылуу логин, поролу менен кирип, суроолорго жооп беришти. Балоого жалпысынан 1200гө жакын студент катышып, өз ойлорун билдиришкен. Жыйынтыктары электрондук негизде эсептелип, төмөндөгүдөй (сүрөттөрдө) көрсөткүчтөргө күбө болдук.

Бул «Дистанттык билим берүүнү баалоо» сурамжылоосунун жыйынтыгында аралыктан ишке ашырылып жаткан окутуу процессинин жана аралыктан билим берүүдө окутуучулардын иш аракетинин сапаты , ошондой эле программалык каражаттарды колдонууда жаралган мүчүлүштүктөр боюнча студенттердин ой-пикирлери ачык маалым болду.

ОГПИнин дистанттык билим берүү жана окуу бөлүмү тарабынан учурдагы абалды жөнгө салуу, окутуу прецессин үзгүлтүккө учуратпоо жаатында максаттуу пландар түзүлүп, анын алкагында бардык факультеттерде аралыктан билим берүү иш аракети кызуу жүрүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть