15:24 30 апреля 2020

ОГПИде профессор Акматали Алимбеков онлайн формада конок лекция өттү

28-апрель күнү Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда онлайн формада конок лекция уюштурулду.

Иш-чара «Студенттердин өз алдынча окуу ишмердүүлүгүн уюштуруу методикасы» деп аталып, окуу жайда салт катары студенттердин жана окутуучуларын кесиптик чеберчилигин өстүрүү, аларды ар тараптан калптандыруу максатында өттү.

Лекциянын коногу Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетинин педагогика бөлүмүнүн башчысы п.и.д., профессор Акматали Алимбеков болуп, катышуучуларга студенттердин өз алдынча ишмердүүлүгү жана учурдагы абалга жараша аралыктан билим берүүнү натыйжалуу уюштуруунун түрдүү усулдары боюнча маалыматтарга кеңири токтолду.

Аталган саамалык музыкалык-педагогикалык факультетинин педагогика кафедрасы тарабынан Zoom платформасы аркылуу уюштурулуп, ага окуу жайдын бардык факультеттеринен каалоочу окутуучулар жана педагогика адистигинин студенттери катышты.

Лекциянын жүрүшүндө лектор алгач студенттердин өз алдынча ишмердүүлүгү деген эмне, аны уюштуруу формалары, методикасы, функциялары, түрлөрү, дидактикалык шарттары жана өз алдынча билими алуунун мааниси тууралуу илимпоздордун ойлоруна токтолуп, аны менен бирге мугалим үйрөтүүчү гана болбостон, үйрөнүүгө үйрөтүү милдетин аткаруу керектигин билдирип өттү. Ошондой эле А.Алимбеков: «Өз алдынча ишмердүүлүктү уюштуруунун негизги дидактикалык шарты окутуучунун компетенттүүлүгүнө көз каранды. Окутуучу аныктоочу факторго ээ. Андыктан ал өзү өз алдынча ишмердүүлүктү уюштурууну мыкты билиши керек. Анткени өз алдынча иштин мазмунун, аткаруу мөөнөтүн, көлөмүн, методикасын окутуучу өзү аныктайт. Окутуучунун өзүн-өзү окутуу ишмердүүлүгүнүн жетекчиси, кеӊешчиси жана уюштуруучусу деген компетенттүүлүгү өзүн өнүктүрүүнүн үстүндө иштөөгө мажбурлайт. Сабак учурунда да окутуучунун ролун, функциясын алмаштыра турган тапшырмаларды берип, аткартсак болот. Студенттерди өнүктүрө турган, кыймылга келтире турган, кызыктыра турган, иш-аракетке чегере турган тапшырмаларды берүү, башкача айтканда, тапшырмалар өнүгүүнүн жакынкы зонасына негизделип пландалышы, тапшырмалар тикеден-тике акыркы натыйжага жана стандарттагы минималдык талаптарга багытталышы керек. Натыйжада бардык нерсе студенттин кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандырууга баш ийдирилиши маанилүү. Тактап айтканда, ушул адистикти бүткөн бүтүрүүчү кандай кесиптик компетенттүүлүккө ээ болуусу керек? деген суроого жооп берүүгө тийиш», - деп өз сөзүндө баса белгиледи.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть