29-апрель күнү Ош технологиялык университетинде экономика жана башкаруу факультетинин «Экономика жана финансы» кафедрасы тарабынан «Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүдө региондордун ички потенциалын, мүмкүнчүлүктөрүн талдоо жана изилдөө» аттуу онлайн конференция өткөрүлдү.
Иш-чара Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында «Илим. Технологиялар. Инновациялар» деген жаш илимпоздордун жана студенттердин III аймактык илимий-практикалык конференциясынын негизинде уюштурулду.
Аталган конференцияны ОшТУнун илим жана инновация боюнча проректору б.и.д., профессор Б.Шамшиев, экономика жана башкаруу факультетинин деканы ф-м.и.к., профессор А.Артыков ачып беришти. Конференцияда студенттер тарабынан актуалдуу темалар баяндалып, кызуу талкууларды жаратты.
Жыйынтыгында 1-орунду Э(ФиК)-18 тайпасынын студенти Мадумарова Мадина, 2-орунду БИ-17 тайпасынын студенти Аамат уулу Самат, ал эми 3-орунду ЛоГ-17 тайпасынын студенти Айтбай уулу Нурдин камсыз кылышты.